Орусия менен Украинанын ортосунда туткун алмашуу ишке ашты

Орусиянын Коргоо министрлиги маалымат берди.

2095854
Орусия менен Украинанын ортосунда туткун алмашуу ишке ашты

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украина менен туткун алмашуунун алкагында 195 орус аскеринин ордуна 195 украин аскеринин өз ара бошотулганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, Орусия менен Украинанын ортосунда туткун алмашуунун ишке ашканы белгиленди.

Билдирүүдө: «Сүйлөшүү процессинин натыйжасында Киев администрациясынын көзөмөлүндөгү жерлерден 195 орус аскери кайтарылды. Анын ордуна Украинанын куралдуу күчтөрүнөн 195 аскер тапшырылды. Орус аскерлери Министрликке караштуу саламаттыкты сактоо борборлорунда дарыланышы үчүн учактар ​​менен Москвага жеткирилет. Бошотулган жоокерлерге медициналык жана психологиялык колдоо көрсөтүлүүдө»-деп айтылды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да туткундарды алмаштыруу боюнча социалдык медиа аркылуу билдирүү жасап: «207 жоокерибиз жана жарандарыбыз мекенине кайтып келишти. Туткунга түшкөндөрдүн баарын алып келебиз. Бул боюнча иш-аракеттер уланууда»,- деди.



Тектеш кабарлар