Францияда аборт кылдырууну конституциялык кепилдик астына алган мыйзам долбооруна макулдук берилди
30 добушка каршы 493 добуш менен өткөн долбоордун 28 - февралда парламенттин үстүңкү канаты сенатта сөз болушу күтүлүүдө.
Франция Улуттук парламентинде аборт кылдырууга конституциялык кепилдик астына алган мыйзам долбооруна депутаттардын көпчүлүгү “макул” болушту.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда аборт кылдыруу укугунун Франция конституциясында орун алышына байланыштуу бир беренелик мыйзам долбоору "Улуттук парламентте" борбордук жана солчул партиянын добуштары менен кабыл алынды.
30 добушка каршы 493 добуш менен өткөн долбоордун 28 - февралда парламенттин үстүңкү канаты сенатта сөз болушу күтүлүүдө.
Оңчулдар көпчүлүк болгон сенатта долбоорго байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн кыйын өтөөрү белгиленүүдө. Сенатта "Улуттук Парламент бекиткен текст тууралуу макулдашуу түзүлө турган болсо, парламенттин эки канаты жолугушкан конгрессте долбоор тууралуу акыркы добуш берилет.
Мыйзам долбоору конституцияга өзгөртүү киргизүүнү карагандыктан Конгрессте добуш берүүгө коюлушу керек.
Францияда аялдар мыйзамдуу түрдө кош бойлуулуктун 14 - жумасына чейин бойдон алдыра алышат.
Мыйзам долбоору парламенттен өтсө, Франция аборт жасатуу укугун конституция тарабынан кепилдеген биринчи өлкө болот.
Тектеш кабарлар
Рафахта 600 миң киши жер которду
1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.