Израилдин каржы министринин билдирүүсү

Израилде Канал 12 телекөрсөтүүсүнө маалымат берген Смотрих, армиянын Газада аскердик режим куруп, аймакты көзөмөлдөй турганын кабарлады.

2094965
Израилдин каржы министринин билдирүүсү

Израилдин ашкере оңчул каржы министри Безалел Смотрих, өлкөсүнүн басып алуусу жана кол салуусу астындагы Газада армиянын аскердик режим түзө турганын билдирди.

Израилде Канал 12 телекөрсөтүүсүнө маалымат берген Смотрих, армиянын Газада аскердик режим куруп, аймакты көзөмөлдөй турганын кабарлады.

Министр Безалел, кабинеттин бардык мүчөлөрүнүн армиянын Газада калышы керектиги жөнүндө бирдей пикирде экенин айтты.

Өзүнүн жана берки кабинет мүчөлөрүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттиги (UNRWA) аркылуу Газадагы палестиналыктарга жардам жеткирилишине каршы экенин белгилеген Смотрих, палестиналыктарга гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү процессинин да Израилдин көзөмөлүндө болушу керектигин билдирди.

Газадагы израилдик туткундар тууралуу министр Смотрих, бардык туткундар тирүү алып келинет деп убада берүүнүн реалдуу эмес экенине басым жасады.

Бул ойлорун израилдик туткундардын жакындарына да жеткиргенин маалымдаган Смотрих үй-бүлөлөргө: «Көзүңөргө тике карап, алардын баарын тирүү алып келем деген адам чындыкты айтпайт»,-дегенин билдирди.

Безалел туткундардын жакындары тарабынан өкмөттү тез арада туткундарды алмаштыруу келишимин түзүүгө чакырган нааразылык акциялары жана демонстрациялары туткундарды үйлөрүнө тирүүлөй кайтаруу мүмкүнчүлүгүн алсыратканын айтты.



Тектеш кабарлар