Израилдик министр Иранды бутага алды

Израилдин тышкы иштер министри Исрэль Кац Иранды бутага алуу менен : «Артка кадам таштабаса жообуу катуу болот».

2093368
Израилдик министр Иранды бутага алды

Израилдин тышкы иштер министри Исрэль Кац Иранды бутага алуу менен : «Артка кадам таштабаса жообуу катуу болот»,- деди.

Исраэль Кац менен Израилге расмий сапар менен барган британиялык кесиптеши Дэвид Кэмерондун жолугушуусунан кийин жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

Билдирүүдө Израилдин тышкы иштер министринин : "Биз Иранга жана анын аймактагы курал - жарактарына каршы кадамдарды таштоодон тартынбайбыз. Эгер Хизбуллах артка чегинбесе, кыйынчылыгын бүт Ливан тартат",- дегенине орун берилди.  

Кац Израилдин «Хамасты жок кылуу жана израилдик туткундардын баарынын кайра алып келиниши тууралуу чечкиндүү» экендигин кайталады.

Британиянын тышкы иштер министри Кэмерондон Катарга жасай турган сапарынын алдында Газада кармалган израилдик туткундарды бошотуу үчүн жоопкерчиилигин колдонууну суранган Кац кесиптешинен Катарга бул темада аракет кылуусу үчүн басым жасоосун да суранды.

 



Тектеш кабарлар