Израиль Газада Хан Юнус шаарын аткылады

10 миң палестиналык жаран баш калкалаган Бириккен Улуттар Уюмуна таандык окуу борборунда 12 киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

2093473
Израиль  Газада Хан Юнус шаарын аткылады

Израиль Газа тилкесинин Хан Юнус шаарын атты.

10 миң палестиналык жаран баш калкалаган Бириккен Улуттар Уюмуна таандык окуу борборунда 12 киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

Кол салуудан кийин БУУнун баш катчысынын орун басары Мартин Гриффитс Газа тилкесинде бир нече айдан бери болуп жаткан окуяларды "абийрсиздик" деп мүнөздөдү.

Гриффитс Израилдин палестиналыктардан аймакты бошотуусун каалагандыгын, бирок алардын чыгуусуна  мүмкүнчүлүк бербестен  бомбалаганын айтты.

БУУнун Палестина боюнча атайын баяндамачысы Франческа Албанесе да мунун Эл аралык кылмыш сотунун Рим жобосу боюнча эл аралык оор кылмыш экенин эске салды.

Эл аралык байкоочулар Израилдин Эл аралык сотто соттолгон күндөрдө Газа тилкесинде ырайымсыз  кол салууларын уланткандыгына көңүлдөрдү бурду. 

Израиль Газа тилкесиндеги Хан Юнусту көптөгөн күндөрдөн бери бомбалап жатат. Эл дүрбөлөңгө түшүп, шаардан чыгып Рафахка барууга аракет кылууда. Бирок Газа тилкесинде эч бир жер коопсуз эмес. 

Израилдин Хан Юнуска жасалган кол салууларына байланыштуу жарыялаган сүрөттөрү шаардагы кыйроолорду жана мыкаачылыкты көрсөтүүдө.

Палестиналык каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас да Хан Юнустагы кагылышууларда 10 израилдик аскердин каза болгонун жарыялады.

 



Тектеш кабарлар