Колумбия менен Улуттук Боштондук Армиясынын ортосундагы ок атышпоо узартылды
Тынчтык боюнча жогорку комиссары Отти Патино куралдуу козголоңчу уюм менен өкмөт ок атышпоо келишимин узартуу боюнча макулдашууга барышкандарын жарыялады.
Колумбия өкмөтү менен куралдуу козголоңчу уюм Улуттук Боштондук Армиясынын (ELN) ортосунда 3 - августта башталган эки тараптуу ок атышпоо келишими 6 айга узартылды.
Тынчтык боюнча жогорку комиссары Отти Патино куралдуу козголоңчу уюм менен өкмөт ок атышпоо келишимин узартуу боюнча макулдашууга барышкандарын жарыялады.
Патино тараптардын ортосундагы 6 - тур тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн Кубанын борбор шаары Гаванада улантылып жаткандыгын билдирип, оң жыйынтыктардын чыгышынан үмүттү экендигин айтты.
2022 - жылы 7 - августта Колумбиянын президенттигине келген Густаво Петро бийликке келгенде Колумбиянын Төңкөрүшчүл куралдуу күчтөрү (FARC) менен 2016 - жылдагы Тынчтык келишимин ишке ашырууну жана ELN менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү убада кылган.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.