Газадагы ачарчылык

БУУнун Палестиналык Качкындарга жардам агенттиги (UNRWA) социалдык медиа баракчасынан билдирүү жарыялады.

2092453
Газадагы ачарчылык

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин кол салуусуна дуушар болгон Газа тилкесиндеги калктын болжол менен 25 пайызынын «апаат деңгээлиндеги» ачарчылык менен бетме-бет келгенин маалымдады.

БУУнун Палестиналык Качкындарга жардам агенттиги (UNRWA) социалдык медиа баракчасынан, Израилдин кол салууларынан тышкары жардамдардын кирүүсүнө жараткан кыйынчылыктарынан улам келип чыккан Газадагы ачарчылык тууралуу билдирүү жарыялады.

Катуу кагылышуулар менен Израилдин бөгөт жана чектөөлөрү, ошондой эле байланыштын үзгүлтүккө учурашы UNRWAнын жардамды коопсуз жана эффективдүү жеткирүүсүнө тоскоол болгону белгиленди.

Болжол менен 2,3 миллион палестиналык жашаган Газада 570 миң кишинин «апаат деңгээлиндеги» ачарчылык менен бетме-бет келгени айтылган билдирүүдө: «Ачарчылык коркунучу күчөгөн сайын БУУ гуманитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кескин жогорулатууга чакырат», делди.

Израилдин кол салууларынын себебинен Газада 1,9 миллион палестиналык жер которду.

Мындан тышкары Израилдин тоскоолдуктары жана кыйынчылыктарынан улам Газага жетиштүү гуманитардык жардам кире албай жатат.

Өзгөчө Газанын түндүгүндө жашаган палестиналыктардын ун таба албагандыктан малдын жемин майдалай баштаганы билдирилди.



Тектеш кабарлар