Нетаньяхунун актануусу...

Газадагы кагылышууларга 24-ноябрда 4 күн берилген жана кийин 3 күнгө узартылган «гуманитардык тыныгуу» учурунда 81 израилдик жана 240 палестиналык туткун өз ара бошотулган.

2091675
Нетаньяхунун актануусу...

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Хамастын туткун алмаштыруу сунушун четке какканын белгилеп, «Согушту бардык фронттордо жана секторлордо улантып жатабыз»,-деди.

Беньямин Нетаньяху видео билдирүүсүндө ушул убакка чейин 110 туткунду куткарышкандарын жана алардын баарын куткарууга чечкиндүү экендиктерин айтты.

Хамастын туткундардын бошотулушу үчүн «согуштун бүтүшүн жана Израиль күчтөрүнүн Газадан кетишин» талап кылганын белгилеген Нетаньяху, эгер муну кабыл алышса, «Аскерлер бекер каза болгон болот, жарандардын коопсуздугунун кепилдикке албай турганын жана дагы бир 7-октябрдын күтүлбөстөн болушу мүмкүн экенин» жактады.

Нетаньяху: «Согушту бардык фронттордо жана секторлордо улантып жатабыз. Эч бир террористке кол тийбестик бербейбиз. Газада да, Ливанда да, Сирияда да, башка жерде да жок. Ким бизге зыян келтирүүгө аракет кылса, ага зыян келтиребиз»,-деп айтты.

Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 7-октябрда «Палестиналыктарга жана ыйык баалуулуктарга, өзгөчө Месжид аль-Аксага каршы тынымсыз бузууларга жооп берүү» жана башка көптөгөн себептер менен Израилге кеңири кол салуу уюштурган жана көп сандаган израилдиктер туткунга алынган.

Газадагы кагылышууларга 24-ноябрда 4 күн берилген жана кийин 3 күнгө узартылган «гуманитардык тыныгуу» учурунда 81 израилдик жана 240 палестиналык туткун өз ара бошотулган.



Тектеш кабарлар