Түндүк Корея «суу астындагы ядролук курал системасы" тууралуу маалымат берди

Түндүк Корея башкаруусу Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын Корей жарым аралынын түштүгүндө өткөргөн биргелешкен деңиз машыгуусуна жооп катары «суу астындагы ядролук курал системасын» сынаганын жарыялады.

2090902

Түндүк Кореянын маалымат агенттиги KCNAнын кабарында Коргоо илимдер академиясы тарабынан иштелип чыккан «Haeil-5-23» аттуу суу астындагы өзөктүк курал системасынын Корей жарым аралынын чыгышында сыноодон өткөнү билдирилди.

Кабарда сыноонун качан жасалганы айтылбаса да, Коргоо министрлигинен атын атагысы келбеген басма сөз катчысы: "Армиябыздын суу астындагы ядролук жооп берүү мүмкүнчүлүгү дагы бир деңгээлге көтөрүлдү. АКШнын жана  союздаштарынын деңиз флотторунун душмандык маневрлерине каршы деңиздеги жана суу астындагы кемеде тоскоолдук аракеттерибиз уланат»,- деп айтылды.

Курал системасынын ядролук дүрмөттүү капитансыз суу астындагы кемелердин колдонулгандыгы айтылууда.

Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын деңиз күчтөрү 15-17-декабрда Корей жарым аралынын түштүгүндө биргелешкен деңиз машыгуусун өткөрүшкөн.

Тектеш кабарлар