Россия Кипр Рум башкаруусунун айрым жетекчилеринин өлкөгө киришине тыюу салды
Орус гезити Российская газетанын кызматкери Александр Гасюк 5 - октябрда Лефкошада камакка алынган.
Россия кечээ Кипр рум башкаруусунун айрым жетекчилеринин өлкөгө киришине тыюу салды.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматында Лефкошада бир орус журналисти менен Россиянын элчилигиндеги бир кызматкерге карата «көкүтүүчү» аракеттердин жасалгандыгы маалымдалды.
Мунун кабыл алынгыс экендиги баса белгиленген маалыматта ушул себептен Түштүк Кипр Рум башкаруусунун Москвадагы элчисинин министрликке чакырылгандыгы бидирилди.
Маалыматта : «Элчиге каршылык катары көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берилди. Бул көкүтүүчү окуяда орун алган Түштүк Кипр жетекчилеринин Россияга киришине тыюу салынды»,- деп айтылды.
Орус гезити Российская газетанын кызматкери Александр Гасюк 5 - октябрда Лефкошада камакка алынган.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.