Палестина : "Израиль кенен масштабдуу геноцид согушун жүргүзүүдө"

Израилдин кол салууларынын күчөшүнөн Израилди колдогон Америка Кошмо Штаттарынын  жооптуу экенин белгилеген Абу Рудейне АКШны кол салууларды токтотуу үчүн чукул чара көрүүгө чакырды.

2090003
Палестина : "Израиль кенен масштабдуу геноцид согушун жүргүзүүдө"

Палестина башкаруусу Израилдин Газа тилкеси жана Батыш Шериада күн сайын жасаган "кылмыштар сериясынын Палестина калкына карата кенен геноцид согушу" экендигин белгиледи. 

Палестина президенттигинин басма сөз катчысы Набил Абу Рудейне жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Израилдин  өлтүрүү, кыргын салуу, кыйратуу,  Палестинанын жерлерин басып алуу, палестиналыктардын мүлктөрүн басып алуу, отурукташуу жерлерин  куруу, еврей отурукташуучулардын террор сыяктуу түрдүү жолдор менен аймактын баарын зомбулук жана  кыйроого желегендигин белгиледи. 

"Израиль армиясынын Газа тилкеси жана Батыш Шериада күн сайын жасап жаткан, акыркысы Тулкеримде 4, Наблуста  3 палестиналыктын өлүмү болгон кылмыш сериясы Палестина калкына карата кенен геноцид  согушу",- деген Эбу Рудейене Израилдин бул кылмыштарды эл аралык коомчулуктун "кабыл алынгыс" үнсүздүгүнүн көлөкөсүндө жасагандыгын жана бул абалдын аймакты отко салганын баса белгиледи. 

Израилдин кол салууларынын күчөшүнөн Израилди колдогон Америка Кошмо Штаттарынын  жооптуу экенин белгилеген Абу Рудейне АКШны кол салууларды токтотуу үчүн чукул чара көрүүгө чакырды.

 



Тектеш кабарлар