Пакистан Иранга каршылык көрсөттү

Пакистан коңшусу Ирандын жасаган кол салууларында аба мейкиндигин бузгандыгын жана эки баланын өлүмүнө себеп болгондугун билдирди.

2089677
Пакистан Иранга каршылык көрсөттү

Пакистан коңшусу Ирандын жасаган кол салууларында аба мейкиндигин бузгандыгын жана 2 баланын өлүмүнө себеп болгондугун билдирди. 

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Пакистандын эгемендигинин ушундай жол менен бузулушу эч качан кабыл алынгыс экендигин жана олуттуу кесепеттерге алып келери баса белгиленди. 

Билдирүүдө Ирандын Пакистандын аба мейкиндигин себепсиз бузушу катуу айыпталып, кол салууда  2 баланын каза болгондугу, 3 кыз баланын да жаракат алгандыгы маалымдалды. 

Пакистан жана Ирандын ортосунда түрдүү байланыш каналдары болгонуна карабастан бул мыйзамсыз аракеттердин болушу тынчсыздантуучу экендиги баса белгиленип : "Пакистандын катуу нааразычылыгы Тегерандагы Ирандын Тышкы иштер министрлигинин жогорку мартабалуу жетекчисине билдирилди",- деп айтылды.

Билдирүүдө Ирандын ишенимдүү кишилеринин Тышкы иштер министрлигине чакырылгандыгы, бул абалдын жыйынтыктарынын жоопкерчилигинин түздөн - түз Иранга таандык болору билдирилгендиги белгиленди.  

Билдирүүдө  Пакистандын ар дайым террордун аймактагы бардык өлкөлөр үчүн коркунуч экендиги жана координациялуу кыймыл кылынышы керектиги айтылып : "Мындай бир тараптуу кыймылдар жакшы коңшулук карым  - катнаштарына ылайык эмес жана өз ара коопсуздукка олуттуу кесепети болушу мүмкүн",- деп белгиленди.

 



Тектеш кабарлар