Ляйен Украинага дагы көп курал-жарак жана материалдык колдоо көрсөтүү керектигин айтты
Фон дер Ляйен Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда (WEF) сөз сүйлөдү.
Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Орусия менен болгон согушта ийгиликке жетиш үчүн Украинага дагы көп курал-жарак жана материалдык колдоо көрсөтүү керектигин айтты.
Фон дер Ляйен Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда (WEF) сөз сүйлөдү.
Орусия-Украина согушуна токтолгон фон дер Ляйен Орусия өзүнүн стратегиялык максаттарында ийгиликке жетпегенин айтып: "Бул биринчи кезекте аскердик ийгиликсиздик."-деди.
Фон дер Ляйен Орусиянын аскердик дараметин жарымына жакынын жоготкондугун, Украинанын Орусияны басып алган жерлеринин жарымынан кууп чыкканын белгиледи.
Орусиянын экономикалык жана дипломатиялык жактан ийгиликсиз болгонун белгилеген фон дер Ляйен:"Биз Украинанын каршылыгын күчөтүүнү улантышыбыз керек. Украиндар 2024-жылы жана андан кийин да болжолдуу каржылоого муктаж."- деди.
Фон дер Ляйен Украина өз аймагын коргоо жана кайтарып алуу үчүн адекваттуу жана үзгүлтүксүз курал-жарак менен камсыз болушу керектигин белгиледи.