Хамас менен Израилдин ортосунда гуманитардык жардам келишими
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин X бараксасынан темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Израиль Газа тилкесиндеги израилдик туткундарга дары-дармек таратуу иштеринин шаршемби күнү (бүгүн) башталарын жарыялады.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин X бараксасынан темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Билдирүүдө: «Дары-дармектерди өткөрүп берүү процесси, Израилдин атайын кызматы Моссаддын башчысы Дэвид Барнеанын израилдик туткундарга дары-дармек жеткирүү боюнча Катар менен келишим түзгөндөн кийин ишке ашат»,-деп айтылды.
«Шаршемби күнү Катардын Аба күчтөрүнө таандык эки учак, (Хамас тарабынан) барымтага алынгандардын медициналык муктаждыктары үчүн Израилде даярдалган тизме боюнча Франциядан сатып алынган дары-дармектерди жеткирүү үчүн Египетти көздөй учуп кетет» деп кабарланган билдирүүдө, учактардын Египетке жеткенде Катар өкүлдөрүнүн дары-дармектерди Газа тилкесине, ал жерден да акыркы баруучу жерге алып барары белгиленди.
Катар кечээ Израиль менен Хамастын ортосунда Газадагы туткундарга дары-дармек жеткирилишинин ордуна аймактагы жарандарга дары-дармек жана гуманитардык жардамдардын кирүүсүн камтыган келишимдин түзүлгөнүн жарыялаган.
Израиль армиясынын маалыматына караганда, Газа тилкесинде дагы деле 136 израилдик туткун бар.
Катар жана Египеттин ортомчулугу менен Газадагы кагылышууда 24-ноябрда 4 күнгө, андан кийин 3 күнгө узартылган «гуманитардык тыныгуу» учурунда 81 израилдик жана 240 палестиналык туткун эки тараптуу түрдө бошотулган.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.