Хамас Израиль тууралуу Германияга каршылык көрсөттү

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас Германиянын Израилге болжол менен 10 миң танк ок-дарысын жөнөтүү планына "Газа тилкесинде палестиналыктарга каршы жүргүзүлгөн геноцид согушуна өнөктөш болуу" катары баа берди.

2089964

Хамастан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Германиянын бул планынын  «Нацисттик сионист (Израиль) өкмөтү тарабынан жасалган согуш кылмыштарынын  бардык саясий жана моралдык жоопкерчилиигн алып жаткандыгы» белгиленди.

Билдирүүдө мунун Германияны Палестина калкына каршы согушта түздөн түз өнөктөш абалына алып келери билдирилди. 

Германиянын бул планы катуу айыпталгандыгы баса белгиленген билдирүүдө : "Германия адамзатка каршы жасаган күнөөлөр менен толгон тарыхын кайрадан жаңыртууда жана өткөн күндөн алынган сабактар буларга тоскоол болбогондой. Элибиздин өзүнө карата кол салууларга катышкан жана бардык эрежелерди бузган душманды коргогондорду унутпайт жана кечирбей тургандыгын билдиребиз",- деп айтылды. 

Spiegel журналынын веб - сайтындагы кабарда немис өкмөтүнүн Израилге танк ок-дарыларынын жөнөтүлүшүнө уруксат берилишине   оң көз карашта экендиги ортого салынган. 

Тектеш кабарлар