Алжир Расмий гезитинин акыркы санында Теббундун бекитүүсү жарыяланды
Алжирдин премьер - министри Абдулмежид Теббун Түркия менен түрдүү тармактарды камтыган 4 келишим жана кызматташуу протоколун бекитти.
Алжирдин премьер - министри Абдулмежид Теббун Түркия менен түрдүү тармактарды камтыган 4 келишим жана кызматташуу протоколун бекитти.
Алжир Расмий гезитинин акыркы санында Теббундун бекитүүсү жарыяланды.
Теббун бекиткен жана эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган макулдашуу жана кызматташуу протоколу социалдык кызматтар, экология, тоо - кен, уюмдашкан кылмыштарга каршы кызматташуу, билим берүү, технология, балыкчылык жана суу продукциялары, медиа, коммуникация тармактарын камтууда.
Теббун президенттик мөөнөтүндөгү алгачкы Түркия сапарын 2022 - жылы 15 - 17 - майда ишке ашырган. Бул сапарда эки өлкөнүн ортосундагы Өнөктөштүк Кызматташуу Кеңешинин биринчи отуруму өткөрүлүп, сапар бир топ секторду камтыган келишимдер жана макулдашууларга кол коюу менен аяктаган.