Африка Биримдигинен Газа үчүн чакыруу

Африка Биримдиги тарабынан  15 -  октябрда да Газадагы палестиналыктар үчүн чукул гуманитардык коридорун ачууга чакыруу салынган.

2089837
Африка Биримдигинен Газа үчүн чакыруу

Африка Биримдиги комиссиясынын төрагасы Муса Факи Махамат Израилдин кол салуусу астындагы  Газа тилкеси үчүн «гуманитардык ок ​​атууну токтотууга» чакырды.

Махамат Панафрика парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Газадагы гуманитардык кризиске токтолду.

Газа үчүн гуманитардык ок атышпоого чакырган Махамат палестиналыктардын оор абалда экендигин, акылга сыйбаган кыйынчылыктарга жана жоготууларга дуушар болгондугун, эл аралык мыйзамдын ачыкча көз жаздымда калып жаткандыгын баса белгиледи. 

Палестиналык жарандардын бомбаланышы, тиричилик булактарынын системалуу жок кылынышынын 100 күндөн бери болуп келе жаткан трагедияга  айлангандыгын айткан Махамат : "Африка Биримдиги Израиль  -  Палестина кагылышуусунда гуманитардык ок атышпоо чакыруусун кайталайт жана эл аралык коомчулук мындан мурда келишкен эки мамлекеттүү чечүүчү жолду колдойт",- деди. 

Африка Биримдиги тарабынан  15 -  октябрда да Газадагы палестиналыктар үчүн чукул гуманитардык коридорун ачууга чакыруу салынган.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары  7 -  октябрда Израилге "Акса топону" аттуу кенен кол салуу баштагандыгын жарыялаган. Израиль армиясы да жооп катары аскердик учактар менен "Газа тилкесине "Темир кылычтар" операциясын баштагандыгын билдирген. Күч алган чыңалууда  24 миңден ашуун палестиналык каза болду. 

 



Тектеш кабарлар