Палестина Израилди Батыш Шерианы аннексиялоо үчүн баш аламандык жаратуу менен айыптады

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Израилдин ашкере оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен - Гвирге караштуу чоң куралдуу топтун Батыш Шерианын Наблус шаарындагы Бурин айылына кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

2089233
Палестина Израилди Батыш Шерианы аннексиялоо үчүн баш аламандык жаратуу менен айыптады

Палестина Израилди Батыш Шерианы аннексиялоо үчүн баш аламандык жаратууга аракет кылуу менен айыптады.

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Израилдин ашкере оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен - Гвирге караштуу чоң куралдуу топтун Батыш Шерианын Наблус шаарындагы Бурин айылына кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Билдирүүдө : «Колониячыл Бен  - Гвирдин куралдуу элементтердин Бурин айылына кол салуусу, Батыш Шериада абалды курчутууда»,- деп айтылды.

Израилдин ашыкча оңчул каржы министри Безалел Смотрих менен Бен-Гвир фашисттик экиликтин көзөмөлү астындагы еврей террордук элементтери менен оккупациялоочу Израиль армиясынын ортосунда ролдордун ачыкча  бөлүштүрүлүп комплекстүү иш жүргүзүлгөндүгүнө көңүл бурулган билдирүүдө, Бурин айылына мыйзамсыз отурукташкан тррористтерден турган чоң куралдуу топтун кол салгандыгы жана палестиналыктардын үйлөрүнө чабуул жасап, унааларын өрттөгөндүгү белгиленди.

Министрликтин билдирүүсүндө «баскынчы күчтөр мыйзамсыз еврей отурукташуучу террористтер жана Бен  -  Гвир тарабынан куралдандырылып түрдүү жол жана методдор менен саясий, мыйзамдык жактан колдоого, коргоого алынган террордук топтордун жасаган кылмыштарын жана эреже бузууларын катуу сөздөр менен айыптагандыгы баса белгиленди.

Израиль армиясынын Батыш Шерианы этап менен аннексиялоо операцияларын ылдамдатуу менен эми ачыкка чыккан саясий амбицияларын ишке ашыруу үчүн аймакта башаламандык жаратууга аракет кылып жатканына көңүл бурулуп, мунун ойдон чыгарылган себептер жана шылтоолор менен Чыгыш Иерусалимде да жасалганы белгиленди.



Тектеш кабарлар