Лавров Түндүк Кореянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Лавров жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө сөз сүйлөдү.

2089394
Лавров Түндүк Кореянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Азия-Тынч океан аймагында НАТОнун инфраструктурасын бекемдөөгө аракет кылып жатканын айтты.

Лавров Орусиянын борбор шаары Москвага барган Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чое Сон Хуи менен жолугушту.

Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө сөз сүйлөгөн Лавров, Корей жарым аралындагы жана жалпы эле Түндүк-Чыгыш Азиядагы маселелердин кеңири жана адилеттүү чечилишин жактай тургандарын баса белгиледи.

Лавров: «АКШ жана АКШны аймакта ээрчиген өлкөлөрдүн Түндүк Кореянын коопсуздугуна коркунуч туудурган саясаты оң жылыштарга тоскоол болууда. Биз аларды чыңалуунун күчөшүнө алып келе турган бардык кадамдардан баш тартууга чакырабыз жана бул чакырыкты улантабыз»,- деди.

Азия-Тынч океан аймагындагы абалга да токтолгон Лавров: «АКШ жана союздаштары НАТОнун бул аймактагы инфраструктурасын күчтөндүрүү аракетинде»,-деп айтты.

Түндүк Кореянын Украина темасында Орусияны колдогонуна көңүл бурган Лавров, эл аралык платформаларда Түндүк Корея менен координацияда кыймыл кылгандарын айтты.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чое да Орусия менен карым-катнаштардын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин өзгөчө көңүл буруусунун негизинде өнүгүп, быйыл жаңы деңгээлге чыгаарына үмүттөнүшкөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар