Ирак өкмөтү Тгерандагы элчисин чакыруу чечимин чыгарды

Министрлик Ирандын Багдаттагы ишенимдүү кишилерине да нааразычылык нотасын берген.

2089382
Ирак өкмөтү Тгерандагы элчисин чакыруу чечимин чыгарды

Ирак өкмөтү Ирандын Эрбилге кол салуусунан кийин Тегеран элчисин кайра чакыруу чечимин чыгарды. 

Ирактын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Эрбилде жарандардын өлүмүнө себеп болгон Иран кол салууларынан улам Тегеран элчиси Насир Абдулмухмин сүйлөшүү үчүн министрликке чакырылды. 

Министрлик Ирандын Багдаттагы ишенимдүү кишилерине да нааразычылык нотасын берген. 

Ирак күрт аймактык башкаруусунун Коопсуздук кеңеши Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын кечээ түнү Эрбилдеги бир топ жарандык отурукташуу жерине көп сандаган баллистикалык ракета менен жасаган кол салууларда 4 жарандын каза болгондугун, 6 жарандын да жаракат алгандыгын билдирген. 

 



Тектеш кабарлар