Япония менен Австралиянын аскердик кызматташуусу
Япония менен Австралия «аймактагы бир эле учурда күтүлбөгөн жагдайларга каршы» аскердик кызматташтыкты чыңдоону максат кылууда.
Япония менен Австралия «аймактагы бир эле учурда күтүлбөгөн жагдайларга каршы» аскердик кызматташтыкты чыңдоону максат кылууда.
Токио жана Канберра өкмөттөрү Чыгыш жана Түштүк Кытай деңиздериндеги аскердик коркунучтарга каршы коргонуу тармагындагы кызматташтыкты чыңдоону талкуулап жаткандыгын япон расмий маалымат агенттиги Киодо билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрү менен Австралия армиясынын биргелешкен машыгууларынын көлөмүн көбөйтүү жана кеңейтүү маселеси талкууланды.
Ушундайча Тынч океандын жээгиндеги эки коңшу өлкө "жакынкы аймактарындагы күтүлбөгөн кырдаалдарга, анын ичинде Кытайдын ыктымалдуу чагымчыл аракеттерине каршы" тоскоолдугун жогорулатат.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.