Кытайдын тышкы иштер министринин билдирүүсү

Ван И Египеттин борбор шаары Каирде египеттик кесиптеши Самих Шукри менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында билдирүү жасады.

2088654
Кытайдын тышкы иштер министринин билдирүүсү

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И: «Тайван эч качан өлкө болгон эмес. Өтмүштө да болгон эмес жана келечекте да болбойт»,- деди.

Ван И Египеттин борбор шаары Каирде египеттик кесиптеши Самих Шукри менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында, Тайвандын Кытайдын бөлүнгүс бир бөлүгү экенин, эч качан өзүнчө мамлекет болуп кетпей турганы сыяктуу келечекте да Кытайга «кайта турганын» билдирди.

Ван И «Тайван эч качан өлкө болгон эмес. Өтмүштө да болгон эмес жана келечекте да болбойт», - деди.

Кытай менен эгемендик талашка түшкөн Тайванда шайлоочулар бир күн мурда добуш берүүгө барып, бийликтеги Демократиялык прогрессивдүү партиянын (ДПП) талапкери Лай Циндэни кайра шайлашты. Көз карандысыздыкты жактаган ДПП менен Кытайдын ортосундагы тирешүү акыркы жылдары эң жогорку чегине жетти.



Тектеш кабарлар