Израилдин салуулары уланып жатат

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 101 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2088824
Израилдин салуулары уланып жатат

Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан берки кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 24 миң 100гө жетти.

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 101 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израилдин Газа тилкесине кол салууларында акыркы 24 саатта 132 палестиналыктын каза болгондугу, 252 кишинин жараланганы белгиленди.

Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта «12 кыргын» жасаганы маалымдалып, 7-октябрдан берки кол салууларда каза болгон палестиналыктардын саны 24 миң 100гө, жаралуулардын саны 60 миң 834кө жеткени кабарланды.

Жабыркагандардын айрымдарынын дагы деле урандылардын астында же жол жээгинде экени, тез жардам жана жарандык коргонуу топторунун болсо бул адамдарга жете албаганы билдирилди.



Тектеш кабарлар