Дендиас: «Түркия кайда, биз кайдабыз?»
Никос Дендиас Kathimerini гезитине берген маегинде: «1980-жылы Түркия кайда эле, биз кайда болчубуз? Карагылачы, бүгүнкү күндө 2024-жылы Түркия кайда биз кайдабыз? Түркия жылыштарды жасады, биз да артка кадам таштадык»,-деп айтты.
Грециянын коргоо министри Никос Дендиас Түркиянын авиация тармагында өлкөсүнөн алда канча алдыда экенин айтты.
Никос Дендиас Kathimerini гезитине берген маегинде: «1980-жылы Түркия кайда эле, биз кайда болчубуз? Карагылачы, бүгүнкү күндө 2024-жылы Түркия кайда биз кайдабыз? Түркия жылыштарды жасады, биз да артка кадам таштадык»,-деп айтты.
Грециянын аэрокосмостук жана коргонуу өнөр жайынын олуттуу көйгөйлөрү бар экенин баса белгилеген Дендиас: «Ушул убакка чейин эмнебиз бар? Ата мекендик өндүрүш жок же дээрлик жокко эсе»,-деди.
Дендиас өлкөсүнүн Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн көп каражат сарпталганына карабастан, бул абал кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.
Грециянын Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) F-35 согуштук учактарын сатып ала турганын белгилеген министр Дендиас: «Пирамиданын үстү жагына гана курал системаларын кошуп, пирамиданын түбүндөгү көйгөйлөргө көңүл бурбастан, алдыга жыла албайбыз. F-35 учактары болгон, бирок транспорттук учактары жетишсиз күчтөр заманбап аба күчтөрү эмес»,-деп өз пикирин айтты.
Грек деңиз флотуна тиешелүү фрегаттардын колдонууга жарамдуулугуна да көңүл бурулушу керектигин баса белгилеген Дендиас фрегаттардын деңизге чыгышынын гана маанилүү эмес, бардык системаларынын иштеши керектигин белгиледи.