Израиль Газаны абадан, кургактыктан, деңизден аткылоодо

Газадагы каршылык көрсөтүү топтору Израиль армиясын чоң жоготууга учуратышты.

2088224
Израиль Газаны абадан, кургактыктан, деңизден аткылоодо

Израиль армиясынын жоготуулары Израиль басма сөзүнүн күн тартибинде орун алды.

Иврит тилинде чыккан Уолла интернет сайтынын кабарында кол салуулар башталган 7 - октябрдан бери 4 миң аскердин майып болгондугу билдирилди.

Кабарда майып аскерлердин саны 30 миңге чейин көбөйүшү мүмкүн деген маалымат да орун алды.

Израиль армиясынын адамдардын маанайы түшпөшү үчүн жаралуулар тууралуу бардык маалыматтарды коомчулук менен бөлүшпөгөнүгүнө көңүл бурулду.

Кабарда Израиль армиясынын майыптар уюмунун төрагасы Идан Калимандын : «Эч качан мынчалык көп санда жана абалы оор жаралуу менен беттешкен эмесмин»,- дегенине да орун берилди.

Израиль армиясы Газа тилкесине карата кол салуулар башталган  7 -  октябрдан бери 520 аскеринин өлтүрүлгөндүгүн билдирген.



Тектеш кабарлар