Испанияда өткөн жылы саясий башпаанек сурагандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Саясий башпаанек сурагандардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 37 пайызга өстү.

2087846
Испанияда өткөн жылы саясий башпаанек сурагандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Испанияда 2023-жылы саясий башпаанек сурагандардын саны рекорддук деңгээлге жетти.

Испаниянын Ички иштер министрлигинин Качкындар жана башпаанек кеңсесинен басма сөзгө берилген маалыматка караганда, кеңсеге 1992-жылы түзүлгөндөн бери 2023-жылы эң көп саясий башпаанек арызы түштү.

Өткөн жылы өлкөгө 163 миң 218 кайрылуу жасалып, саясий башпаанек сурагандардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 37 пайызга өстү.

Саясий башпаанек сурамдары боюнча Венесуэла, Колумбия жана Перу жарандарынан тиешелүү түрдө 60 миң 534, 53 миң 564 жана 14 миң 306 кайрылуу түшүп бардык кайрылуулардын 78,6 пайызын түздү.

2023-жылы качкын статусун алгандардын саны 7 миң 521 болсо, алардын көбү оогандар, сириялыктар, никарагуалыктар, колумбиялыктар жана гондурастардан турат.

Качкындар жана башпаанек кеңсеси, Орусия менен болуп жаткан согуштан качкан украиналыктардын 33 миң 928ине 2023-жылы «убактылуу коргоо статусу» берилгенин, учурда Испанияда бул укуктан пайдаланган украиналыктардын санынын болжол менен 195 миңге жеткенин билдирди.



Тектеш кабарлар