НАТО Украинанын коргонуу мүмкүнүлүгүн арттырууну улантат

НАТОдон берилген маалыматка караганда НАТО  -  Украина  кеңеши Россиянын Украинага карата акыркы күндөрдөгү абадан кол салууларынан кийин элчилер деңгээлинде чогулду.

2087548
НАТО Украинанын коргонуу мүмкүнүлүгүн арттырууну улантат

НАТО Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттырууну уланта турганын билдирип, Россиянын бул өлкөгө карата кол салууларын айыптады.

НАТОдон берилген маалыматка караганда НАТО  -  Украина  кеңеши Россиянын Украинага карата акыркы күндөрдөгү абадан кол салууларынан кийин элчилер деңгээлинде чогулду.

Союздаштардын Россиянын Украинага карата абадан кол салууларынын күч алышы жана Россиянын Түндүк Кореядан алган баллистикалык ракеталар менен Ирандан алган учкучсуз учуучу аппараттарын колдонушун «катуу» айыптагандыгы билдирилген маалыматта Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү убадасынын берилгендиги белгиленди.

Билдирүүдө ушунун негизинде союздаштардын НАТОнун ортомчулугу менен  1000 даана «Патриот» абадан коргонуу системасын сатып алары айтылып, Германиянын жакынкы күндөрдө Украинага «Патриот» жана "Skynex" абадан коргоо системалары менен "Iris-T" ракетасын тапшыргандыгы эске салынды.

Билдирүүдө Британиянын да Украинага болжол менен 200гө жакын абадан коргонуу ракетасын жөнөтө турганы жана кээ бир союздаш өлкөлөрдүн жыйында 2024 - жыл үчүн Украинага миллиарддаган евро кошумча грант бере турганы белгиленди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинага колдоонун улана турганын баса белгилеп : "(Россиянын президенти Владимир) Путин эки жылдан бери Украинаны массалык чабуулдар менен талкалаганга аракет кылып жатат, бирок ал ишке ашпайт. Россиянын зомбулук кампаниясы Украинанын чечкиндүүлүгүн гана бекемдейт",- деп баа берди.  

 



Тектеш кабарлар