Кытай "Тиеньшинг-1" сыноо спутнигин учурду
Спутниктин пландалган орбиталык позициясына жайгашкандыгы билдирилди.
2087353
Кытай "Тиеньшинг-1" сыноо спутниктеринин экинчисин космоско жөнөттү.
Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, «Тиеньшинг-1 02» спутниги «Куаикоу-1А» ракетасы менен өлкөнүн түндүк-батышындагы Цючуэн спутник борборунан учурулду.
Спутниктин учурулгандан кийин пландалган орбиталык позициясына жайгашкандыгы билдирилди.
Бул учуруу «Kuaicou-1A» ракеталары менен ишке ашырылган 26- ийгиликтүү транспорттук миссиясы болду.
Аталышы кытайча "асман кыймылы" деген мааниге ээ болгон сыноо спутнигинин космос чөйрөсүн аныктоочу эксперименттерде колдонула турганы белгиленди.
«Тиеншинг-1» спутниктеринин биринчиси 2022-жылдын 22-июнунда учурулган.