Израилдин Газага кол салуулары
Израилдин согуштук учактары Хан Юнустун батышындагы Эль-Муаскер аймагындагы Абу Намус үй-бүлөсүнүн үйүнө абадан кол салышты.
Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 23 миң 357ге жетти.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Израилдин согуштук учактары Хан Юнустун батышындагы Эль-Муаскер аймагында Эбу Намус үй-бүлөсүнүн үйүнө абадан кол салышты.
Кол салууда 7 киши каза болуп, арасында аялдар менен балдар да болгон 25 киши жараланды.
Израилдик согуштук учактардын Рефах шаарынын түндүгүндө жер которгон адамдар баш калкалаган бир үйгө жана жерге абадан кол салуусунда да 5 киши каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.
Израиль бөлүктөрүнүн, Рефахтын түндүк-чыгышындагы Ас-Савабит аймагын бутага алышынын натыйжасында болсо көп сандаган кишинин жараланганы билдирилди.
Газа тилкесиндеги кол салууларда каза болгон палестиналыктардын саны 23 миң 357ге жетти.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.