Мадагаскардагы "Альваро" бороонунун кесепети

Бороондон улам 19 кишинин каза болгондугу жана көптөгөн айыл чарба жерлеринин суу астында калганы кабарланды.

2087061
Мадагаскардагы "Альваро" бороонунун кесепети

Мадагаскарда айдын башынан бери таасирдүү болгон "Альваро" бороонунун айынан каза тапкандардын саны 19га жетти.

Улуттук тобокелдик жана апаатты башкаруу бюросунун (BNGRC) билдирүүсүндө, бороондон улам 19 кишинин каза болгондугу жана көптөгөн айыл чарба жерлеринин суу астында калганы кабарланды.

Билдирүүдө болжол менен 4 айга созула турган жамгыр мезгилинде өлкөдө дагы 2 бороондун таасирдүү болоору эскертилди.

Каза болгондордун саны кечээ 12 деп жарыяланган.

1-январда өлкөгө шамал катары кирген Альваро, 2-январдан тарта таасирин күчөтүп бороонго айланган.

Инди океанындагы арал өлкөсү Мадагаскарда жаан-чачындуу мезгил январь айында башталып апрелге чейин созулат.

Өткөн жылы өлкөдө таасирдүү болгон «Ченесо» бороонунан кеминде 30 адам каза тапкан.



Тектеш кабарлар