Аалымдар биримдигинен Газага басым жасалды

Профессор доктор Али Мухйиддин эл-Карадаги төрагалыкка шайланган жалпы чогулушта Биримдиктин жаңы башкы катчысы Али Мухаммед аль-Саллаби болду.

2087101
Аалымдар биримдигинен Газага басым жасалды

Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлгөн Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин 6-Башкы Ассамблеясында Газа эң маанилүү күн тартип беренеси болду.

Профессор доктор Али Мухйиддин эл-Карадаги төрагалыкка шайланган жалпы чогулушта Биримдиктин жаңы башкы катчысы Али Мухаммед аль-Саллаби болду.

Түркиядан Ислам пикири институтунун президенти, профессор доктор Мехмет Гөрмез төрага орун басарлыгына шайланган жалпы чогулушта камкорчулар кеңешинин 31 жаңы мүчөсү да дайындалды.

Жаңы камкорчулар кеңешинин курамына кирген жазуучу Режеп Соңгүл, бирикменин Стамбулдагы бөлүмүн активдештирүү күн тартибинде экенин билдирди.

Соңгүл, Биримдиктин алдыдагы мезгилде Палестина темасында дүйнөнүн төрт бурчунда иш алып барган бейөкмөт уюмдарды мобилизациялоо үчүн иштей турганын белгиледи.

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин Түркия өкүлү Абдулвахап Экинжи жалпы жыйында Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу маанилүү билдирүүлөр берилгенин баса белгилеп: ««Газада бир нече айдан бери уланып жаткан жапайычылык жана мыкаачылык адамдык, диний жана ахлактык жактан кабыл алынгыс.  Жалпы жыйында бул маселе боюнча аалымдардын, ошондой эле бүткүл адамзаттын милдеттери баса белгиленди. Бул маселеде өзгөчө мусулмандардын унчукпай калбоосу керектиги айтылды. Башкы ассамблея биринчи кыбылабыз Месжидул Аксаны тез арада азат кылуу жана зулумду токтотуу үчүн зарыл болгон милдеттерди аткарууга көңүл бурду»,-деди.

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин 6-Башкы Ассамблеясы бүгүн жарыялана турган жыйынтык декларациясы менен аяктайт.



Тектеш кабарлар