Пакистанда полицияга карата бомбалуу кол салуу болду

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда штаттын Бажаур аймагында полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзүп жаткан медициналык кызматкерлерин коргоп жаткан полиция унаасына бомбалуу кол салуу жасалды.

2086246
Пакистанда полицияга карата бомбалуу кол салуу болду

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзүп жаткан медицина кызматкерлерин коргогон полиция кызматкерлерине жасалган жардырууда 6 полиция кызматкери каза болуп, 23ү жараат алды.

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда штаттын Бажаур аймагында полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзүп жаткан медициналык кызматкерлерин коргоп жаткан полиция унаасына бомбалуу кол салуу жасалды.

Пакистандын Хайбер Пахтунхва аймагында полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзүп жаткан медициналык  кызматкерлерин коргогон полиция кызматкерлерине жасалган жардыруудан 6 полиция кызматкери каза болуп, 23 полиция  жаракат алды.

Улуттук басма сөздөгү кабарга караганда аймактын Бажаур аймагында  полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзүп жаткан медициналык  кызматкерлерин коргогон полиция унаасына бомбалуу кол салуу жасалды.

Кол салууда  6 полиция каза болуп,  23 полиция жаракат алды. 

Убактылуу өкмөттүн премьер-министри Анварул Хак Какар кол салууну катуу айыптап, полиомиелит оорусу акырына чыкканга  чейин эмдөөнүн улана турганын баса белгиледи.

Хайбер - Пахтунхвада активдүү болгон Пакистан Талибаны (ТТП) кол салуунун жоопкерчилилигин моюнга алганын жарыялады.

 

ТТП согушкерлери полиомиелитке каршы эмдөө топторун жана аларды кайтарган полицияны бутага алган чабуулдарды жасоодо.

TTP бул эмдөөнун "батыш өлкөлөрү тарабынан балдарды кысырдаштыруу үчүн колдонгон кутум" деп ырастоодо. 

1994 - жылы башталган полиомиелитти жок кылуу кампаниясынын алкагында Пакистан 2017-жылы бейтаптардын  жылдык орточо санын 20 миңден 8ге чейин кыскарткан. 2017-жылдан кийин полиомиелит оорусу көбөйгөн Пакистанда 2018 - жылы 12, 2019 - жылы 147 жана 2020 - жылы 84 учур аныкталган. 2022 - жылы өлкөдө 20 учур катталган.

 

 



Тектеш кабарлар