Кытай Түштүк Кытай деңизи тууралуу билдирди

Кытай АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын "Үч тараптуу Инд -  Тынч океан диалогу" жыйынында жасаган биргелешкен билдирүүдө орун алган Түштүк Кытай деңизи жана Тайвань тууралуу сөздөргө карышылык көрсөттү.

2086168
Кытай Түштүк Кытай деңизи тууралуу билдирди

Кытай АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын "Үч тараптуу Инд -  Тынч океан диалогу" жыйынында жасаган биргелешкен билдирүүдө орун алган Түштүк Кытай деңизи жана Тайвань тууралуу сөздөргө карышылык көрсөттү. 

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мао Нин Пекинде өткөргөн күнүмдүк пресс  - жыйынында үч өлкөнүн кызматташуу деген аттын алдында четке кагуучу топторду түзүп Кытайды каралагандарын, карама  - каршылык жана  кагылышуу жаратууга аракет кылгандарын ортого салды. 

Аймак тышындагы өлкөлөрдүн Түштүк Кытай деңизинде күч көрсөтүү менен карамы  - каршылык жаратууга аракет кылынгандыгын жактаган Мао : "Кытай аймак өлкөлөрү менен  айырмачылыктарын түздөн түз, диалог жана кеңешүү жолу менен ылайыктуу башкаруу менен деңиздердеги эгемендигин, укуктарын жана кызыкчылыктарын сактап калууну улантат",- деди. 

Мао үч өлкөнү аймактагы өлкөлөрдүн тынчтык жана стабилдүүлүккө карата аракеттерине сый көрсөтүүгө, кансыз согуштун логикасынан баш тартууга жана аймактагы блоктордун ортосунда чыңалууну жана конфликттерди жаратууну токтотууга чакырып :  «Азия-Тынч океан геосаясий атаандаштыктын шахмат тактасы эмес, кызматташтыктын жол башчысы болгон аймак»,- деди. 

Кытай менен эгемендик келишпестигиндеги Тайван тууралуу : "Тайвань маселеси толугу менен Кытайдын ички иши жана чет элдиктердин кийлигишүүсү кабыл алынбайт",- деди Мао.

Мао Тайвань кысыгында карата «сепаратисттик кадамдарга» каршы туруу менен сактоого боло тургандыгын баса белгиледи.

АКШ, Япония жана Түштүк Корея 6 - январдагы “Үч тараптуу Индия-Тынч океан диалогунун” ачылыш жыйынында Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги “коркунучтуу жана күчөтүүчү” мамилесинен тынчсыздануусун билдиришти.

Үч өлкө Тайвань кысыгында тынчтык жана туруктуулуктун эл аралык коомчулукта коопсуздук жана бейкуттук үчүн баш тартылгыс экендигин баса белгилеген. 

 



Тектеш кабарлар