Орусия: "Украинадагы аскердик элементтерге сокку урдук"

Министрликтин билдирүүсүндө, орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.

2085813
Орусия: "Украинадагы аскердик элементтерге сокку урдук"

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын аскердик өнөр жай элементтерине деңизден жана абадан алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар, анын ичинде гиперүндүү «Кинжал» ракета системасы менен сокку урулганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.

Орус аскер күчтөрүнүн чабуулдарын улантып жатканы белгиленген билдирүүдө: "Эртең менен Украинанын аскердик өнөр жай элементтерине деңизден жана абадан алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар, анын ичинде гиперүндүү «Кинжал» ракеталык системасы менен сокку урулду" деп айтылды.

Акыркы 24 саатта Украина армиясына таандык 14 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнү кабарланган билдирүүдө: «Аскердик операция башталгандан бери 567 учак, 265 тик учак, 10 миң 540 дрон, 447 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 14 миң 536 танк жана бронетехника, 1201 көп стволдуу ракета аткычтар, 7 миң 666 гаубица жана минометтор менен 17 миң 210 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деп маалымдалды.



Тектеш кабарлар