Израилдин Газага кол салуулары...

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израиль учактары Газанын борбордук бөлүгүндөгү Дейр аль-Балахка, түштүктөгү Хан Юнус шаарына жана Газадагы Аль-Мегази качкындар лагерине кол салышты.

2085695
Израилдин Газага кол салуулары...

Израилдин кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 23 миң 84кө жетти.

Израиль армиясынын Газа тилкесинин борбордук бөлүгү жана түштүгүндөгү шаарларга түнкү сааттарда кол салууларынан кеминде 18 палестиналык каза болду.

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израиль учактары Газанын борбордук бөлүгүндөгү Дейр аль-Балахка, түштүктөгү Хан Юнус шаарына жана Газадагы Аль-Мегази качкындар лагерине кол салышты.

Израилдин согуштук учактарынын Дейр ал-Белах шаары жана борбордук аймактарга жасаган кол салууларында көбү балдар жана аялдар болгон кеминде 18 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

Газадагы Аль-Мегази качкындар лагерине  кол салууларда да каза болгондор жана жаралангандар бар.

Хан Юнус шаарындагы Газа Европа ооруканасынын бакчасын жана шаардагы Илим жана технология факультетинин имараттарын баскынчы армиясына таандык учкучсуз учуучу аппарат бомбалады.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 2023-жылдын 7-октябрында «Палестиналыктарга жана ыйык баалуулуктарга, өзгөчө Месжид-и Аксага каршы тынымсыз бузууларга жооп берүү» деген негиз менен Израилге кеңири чабуул уюштурган.

Израиль 7-октябрдагы кол салууларда 1200 израилдик набыт болуп, 5132 киши жарадар болгонун жарыялады.

Израилдин Газа тилкесине  кол салууларынан кеминде 10 миңи бала жана 7 миңи аял болгон 22 миң 835 палестиналык каза болду. Урандылардын астында миңдеген набыт болгону кабарланууда.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 23 миң 84кө, жаралуулардын саны 58 миң 926га жеткенин билдирди.

Израиль армиясы Газа тилкесине кол салуулар башталган 7-октябрдан бери 510 жоокери набыт болгонун жарыялады.

Кагылышуудагы “гуманитардык тыныгуу” учурунда 81 израилдик жана 240 палестиналык туткун өз ара бошотулган.

Ошол эле учурда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан 2,3 миллион кишинин 1,9 миллионун жер которгондугун жарыялады.



Тектеш кабарлар