Израиль Ливандагы Хизбулла буталарына сокку урду

Кабарда израилдик күчтөрдүн Хула шаарынын айланасындагы аймактарга да кол салганы кабарланды.

2085518
Израиль Ливандагы Хизбулла буталарына сокку урду

Израиль армиясы Ливандын түштүгүндөгү Хизбуллага таандык кээ бир буталарга сокку урганын жарыялады.

Израиль армиясынын темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ливандын Мервахин аймагындагы Хизбулла буталарынын аткыланганы, Израиль жерлерине ок атуу үчүн колдонулган бир аппарат жана Израилге каршы танк атуучу ракета атылган аймактын да бутага алынганы белгиленди. 

Бир тараптан Ливандын расмий агенттиги NNAдагы кабарда, Израилдин түнү Майс эль-Жабел шаарынын түндүк чыгышындагы Керкезан аймагын фосфор бомбалары менен аткылаганы маалымдалды.

Кабарда израилдик күчтөрдүн Хула шаарынын айланасындагы аймактарга да кол салганы кабарланды.

Израиль армиясы менен Хизбулланын ортосунда 8-октябрдан бери чек арада уланып жаткан кагылышууларда ливандык 28 жаран жана 152 Хизбулла мүчөсү, ошондой эле израилдик 5 жаран менен 9 Израиль аскери каза болду.



Тектеш кабарлар