Пентагон: "Хашд аш-Шааби лидери өлтүрүлдү"

Патрик Райдер, ал-Саидинин АКШнын аба соккусунда өлтүрүлгөндүгүн кабарлады.

2084489
Пентагон: "Хашд аш-Шааби лидери өлтүрүлдү"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон), Ирактын борбору Багдадда, Иранга жакын Хашд аш-Шаабиге караштуу шиит согушкер күчү Нусеба кыймылынын лидерлеринин бири Абу Таква ал-Саидинин "коркунуч катары эсептелгендиктен" аба соккусунда өлтүрүлгөнүн билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысы генерал Патрик Райдер күнүмдүк пресс-конференцияда, Абу Таква аль-Саидинин аймактагы америкалык аскер кызматкерлерине каршы кол салууларды активдүү түрдө пландап башкарганын айтты.

Патрик Райдер, аль-Саидинин Ирак менен Сириядагы америкалык аскерлердин коопсуздугуна коркунуч катары эсептелгенин белгилеп, АКШнын тиешелүү аба соккусунда жардамчыларынын биринин да өлтүрүлгөндүгүн кабарлады.

Кол салуудан мурда Ирак өкмөтү кабардар болгонбу же жокпу деген темада комментарий берүүдөн алыс болгон Райдер: «Биз өзүбүздү коргоо укугубузду ар дайым сактайбыз жана кызматкерлерибизди коргоо үчүн керектүү чараларды көрөбүз»,-деди.

«Хашд Шааби Багдад мууну» деп аталган мекеменин кечээки жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, командирдин орун басары Эбу Таква аль-Саидинин АКШнын Багдаддагы кол салуусунда каза болгондугу маалымдалган болчу.



Тектеш кабарлар