Газада каза болгон палестиналыктардын саны

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 91 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2084905
Газада каза болгон палестиналыктардын саны

Израилдин блокададагы Газа тилкесине 7-октябрдан берrи кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны акыркы 24 саатта 162ге көбөйүп 22 миң 600гө жетти.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 91 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израилдин Газа тилкесине кол салууларында акыркы 24 саатта 162 палестиналыктын каза болгондугу, 296 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Ошондой эле Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта үй-бүлөлөргө каршы 15 «кыргын» жасаганы, Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 7-октябрдан бери өлтүрүлгөн палестиналыктардын санынын 22 миң 600гө, жаралуулардын санынын 57 миң 910го жеткени кабарланды.



Тектеш кабарлар