13 жаштагы Уиллис Гибсон тетрис оюнунда 157-деңгээлге жетти
New York Times гезитинин маалыматына караганда, Гибсон тетрис оюнун ойноп жатып тарткан 42 мүнөттүк видеосун бөлүшт
АКШнын Оклахома штатында 13 жаштагы Уиллис Гибсон тетрис оюнунда 157-деңгээлге жеткен биринчи киши болду.
New York Times гезитинин маалыматына караганда, Гибсон тетрис оюнун ойноп жатып тарткан 42 мүнөттүк видеосун бөлүштү.
Оюндун 38-мүнөтүнөн кийин 157-деңгээлге жетип, оюнду "жеңген" биринчи киши болгон Гибсон коддоодогу чектөөлөрдөн улам оюн ойнолбой турган чекке жетти.
Гибсон жетишкен деңгээлде оюндун ката бериши менен : "Кудай ай! Бармактарымды, колдорумду сезбей жатам",- деди.
2021-жылдан бери "Blue Scuti" деген ат менен тетрис ойноп келе жаткан Гибсон интервьюсунда "өтө толкунданганын" айтты.
Гибсон оюндун "жөнөкөйлүгү" менен көңүлүн бургандыгын айтып : "Баштоо оңой, бирок өздөштүрүү абдан кыйын",- деди.
Тетрис 1984-жылы советтик инженер Алексей Пажитнов тарабынан иштелип чыккан.
Оюндун жүрүшүндө блоктордун кулашынын ылдамдыгы жогорулагандыктан, оюндун эң жогорку деңгээлинин блоктордун бир кишинин ага жетишүүсү мүмкүн болбогон ылдамдыкта кулай баштаган 29-деңгээл экендиги болжолдолуп жаткан.