АКШда имам өлтүрүлдү

Ньюарк шаарындагы Мухаммад мечитинин имамы Хасан Шариф таңкы сааттарда мечиттин алдында ким экендиги азырынча белгисиз кишинин куралдуу кол салуусуна учурады.

2083989
АКШда имам өлтүрүлдү

АКШнын Нью -  Жерси штатында имам Хассан Шариф учураган куралдуу кол салууда каза болду. 

Ньюарк шаарындагы Мухаммад мечитинин имамы Хасан Шариф таңкы сааттарда мечиттин алдында ким экендиги азырынча белгисиз кишинин куралдуу кол салуусуна учурады.  

Окуя болгон жердеги биринчи жардамдан кийинооруканага жаткырылган имам Шариф бул жерде каза болду. 

Полиция топтору кол салган адамды кармоо үчүн кеңири масштабдуу операция баштап, коопсуздук чараларын күчөттү.

Кол салуунун себеби белгисиз болуп,кылмыштын Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышуулардын улантылып жаткандыгы жана АКШда мусулманжана еврей жамааттарына карата жек көрүү сөздөрү күчөгөн учурда болушу көңүлдөрдү бурду. 

 

 



Тектеш кабарлар