Нежип Микати тышкы иштер министрлигине Бейрутка кол салган Израилди БУУга даттануу жолдомосун берди

Премьер  - министрлик кеңсесинен берилген билдирүүгө караганда Микати тышкы иштер министри Абдаллах Бухабиб менен Израилдин Хамастын саясий бюро башчысынын орун басары Салих ел  Аруриге карата кол салуусу тууралуу сүйлөштү

2083593
Нежип Микати тышкы иштер министрлигине Бейрутка кол салган Израилди БУУга даттануу жолдомосун берди

Ливандын премьер  -  министри Нежип Микати тышкы иштер министрлигине Бейрутка кол салган Израилди БУУга даттануу жолдомосун берди. 

Премьер  - министрлик кеңсесинен берилген билдирүүгө караганда Микати тышкы иштер министри Абдаллах Бухабиб менен Израилдин Хамастын саясий бюро башчысынын орун басары Салих ел  Аруриге карата кол салуусу тууралуу сүйлөштү. 

Микатинин Бухабибге Бейрутта кол салган Израилди БУУга даттануу жолдомосун бергендиги билдирилди. 

Премьер - министр Микатинин Бейрут кол салуусунан тышкары Израилдин Ливанга каршы акыркы мыйзам бузууларынын баарынын досьеге киргизилишин каалаганы белгиленди.

Израиль армиясынын радиосундагы  аты аталбаган «чет элдик булактарга» таянган кабарда Аруринин Ливандын борбор шаары Бейруттагы Хамастын кеңсесине учкучсуз учак менен жасалган кол салууда каза болгондугу маалымдалган.

Ливандын расмий маалымат агенттиги NNA да кол салуу тууралуу кабарында Арури менен бирдикте  6 кишинин каза болгондугун жарыялаган. 

 

.



Тектеш кабарлар