Японияда каза болгондордун саны өсүүдө

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматына караганда, 1-2-январда Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде күчү 5-7 баллга жеткен жер титирөөлөр болгон.

2083438
Японияда каза болгондордун саны өсүүдө

Япониянын батышындагы Исикава префектурасында жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 73кө жетти.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматына караганда, 1-2-январда Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде күчү 5-7 баллга жеткен жер титирөөлөр болгон.

Маалым болгондой, жер титирөөлөрдөн кийин автожолдор урап, облус боюнча айрым курулуштар бузулуп, суу жана электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, айрым айылдарга унаа каттай албай калган.

Исикава префектурасынын губернаторлугу аймактагы жер титирөөдө 73 кишинин каза болгонун жарыялады.

Аймактагы жергиликтүү муниципалитеттерге уланып жаткан жер титирөөлөрдөн кийин урандылардын астында куткарууну күтүп жаткан жарандар бар экендиги тууралуу маалымат түшкөнү белгиленди.

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио провинциянын губернаторлугунун талабы боюнча Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн (SDF) аймакка жиберилген персонал санынын 2 миңге жеткирилгенин жарыялады. Кишида: «Аймактарга жардам жеткирүү ырааттуу түрдө жүрүп жатат»,-деди.



Тектеш кабарлар