Сунак: "Японияга колдоо көрсөтүүгө даярбыз"

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) билдирүүсүнө караганда, Исикава провинциясында жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде 2 сааттын ичинде күчү 5-7,6 баллга жеткен 10дон ашык жер титирөө болгон.

2082975
Сунак: "Японияга колдоо көрсөтүүгө даярбыз"

Британиянын премьер-министри Риши Сунак жер титирөөдөн жапа чеккен Японияга колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин маалымдады.

Британ Премьер-министрлик кеңсесинин билдирүүсүнө караганда Сунак: «Менин ойлорум чоң зыянга учураган Япониядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын баары менен бирге»,-деди.

Сунак Япониянын премьер-министри Кишида Фумионун Британиянын маанилүү досу экенин айткан билдирүүсүндө: «Биз Японияга колдоо көрсөтүүгө даярбыз жана окуяларга жакындан байкоо салып жатабыз. Жер титирөөдөн жабыркаган аймакта жүргөн британ жарандары япон жетекчилеринин кеңештерин эске алуусу керек»-деди.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) билдирүүсүнө караганда, Исикава провинциясында жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде 2 сааттын ичинде күчү 5-7,6 баллга жеткен 10дон ашык жер титирөө катталган.



Тектеш кабарлар