Колумбиянын президентинен өнөрпоздорго чакырык

Петро "Residente" каймана аттуу Рене Перес Жоглардын Палестина тууралуу сөздөрүн социалдык медиа баракчасынан бөлүштү.

2083039
Колумбиянын президентинен өнөрпоздорго чакырык

Колумбиянын президенти Густаво Петро өнөрпоздорду, Палестина элине колдоо көрсөтүү максатында концерт берүүгө чакырды.

Пуэрто-Риколук белгилүү рэп аткаруучу "Residente" каймана аттуу Рене Перес Жоглардын Палестина тууралуу сөздөрүн социалдык медиа баракчасы аркылуу бөлүшкөн Петро: «Өзгөчө Рене (Residente) баш болгон Палестина элине каршы геноцидди сындаган бардык өнөрпоздорду, Боливар аянты менен Боготадагы Симон Боливар паркында геноцидке каршы жана жашоо үчүн концертте мага кошулушун каалайт элем. Жетишет бул кыргындар токтосун!»,-деди.

Instagram баракчасынан 14-декабрда видео бөлүшкөн Residente, Палестинада «үрөй учурган» геноцид болуп жатканын айтып, быйыл чыгары күтүлгөн альбомун кийинкиге калтырууну чечкенин жарыялаган.

Residente: «Мен өзүмдү жакшы сезбей элемин, жүрөгүм ооруп жатам, күн сайын уулумду ойлоодомун, болуп жаткан окуяларга кайдыгер карай албайм»,-деген болчу. 



Тектеш кабарлар