Индонезиядагы жанар тоо атылды

Чыгыш Флорес аймагындагы Левотоби Лаки-лаки жанар тоосу кечээ активдешти.

2083265
Индонезиядагы жанар тоо атылды

Индонезиянын Чыгыш Нуса Тенггара провинциясында жанар тоонун атылышынан кийин аймакта жашаган 1172 адам эвакуацияланды.

Жакартадагы Antara News агенттигинин маалыматына караганда, провинциянын Чыгыш Флорес аймагындагы Левотоби Лаки-лаки жанар тоосу кечээ жанданды.

Аймактын жетекчилеринин билдирүүсүндө, жанар тоонун атылышынан таасирленген арасында аялдар жана балдар да болгон 1172 тургундун эвакуацияланганы кабарланды.

Жетекчилер эвакуациялангандар үчүн баш калкалоочу жайлар курулуп, тамак-аш жана жууркан-төшөк менен камсыздалганын билдиришти.

Ошондой эле аймакта иликтөө иштеринин башталганы маалымдалды.

Вулканология жана геологиялык коркунучтарды азайтуу борбору (PVMBG) тарабынан жасалган билдирүүдө, жанар тоодон 1000-1500 метр бийиктикке күл бүлкүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар