Дүйнөдөгү адамдардын саны

Германиянын Дүйнөлүк Калк Фонду (DSW) тараткан билдирүүдө, 2023-жылы дүйнө калкынын болжол менен 66 миллион кишиге көбөйгөнү белгиленди.

2082912
Дүйнөдөгү адамдардын саны

Дүйнөдөгү адамдардын саны 8 миллиард 73 миллиондон ашты.

Германиянын Дүйнөлүк Калк Фонду (DSW) тараткан билдирүүдө, 2023-жылы дүйнө калкынын болжол менен 66 миллион кишиге көбөйгөнү белгиленди.

DeutscheWelle Turkish кабарына караганда, 2024-жылдын башынан тарта дүйнөдө 8 миллиард 73 миллион 859 миң 407 адам жашап жатат.

Дүйнө калкынын өсүү темпинин басаңдашынын аялдардын азыраак бала төрөөсүнө байланыштуу экенин маалымдаган DSWге караганда, Африкадагы тенденция болсо башка багытта баратат.

DSWдин эсептөөлөрүнө ылайык, 2080-жылга чейин Африка калктын саны эки эсе көбөйүп, 2,5 миллиардга жетет деп күтүлүүдө.

Африкадагы калктын санынын көбөйүшүнүн сексуалдык билимдин жетишсиздиги, төрөттү көзөмөлдөө ыкмаларына жетүүнүн кыйынчылыгы жана гендердик теңчиликтин жоктугу сыяктуу себептерден улам болгондугу белгиленди.

Адистердин айтымында, бул терс көрүнүштөр көбүнчө аялдардын жаштайынан көп балалуу болушуна алып келүүдө.



Тектеш кабарлар