Орусиянын Белгород шаарына болгон кол салуу...

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген маалыматта кол салууда 20 кишинин каза болгону, 111 кишинин жараланганы белгиленди.

2082539
Орусиянын Белгород шаарына болгон кол салуу...

Орусиянын Белгород шаарына болгон кол салуудан каза болгондордун саны 20га жетти.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген маалыматта кол салууда 20 кишинин каза болгону, 111 кишинин жараланганы белгиленди.

Тышкы иштер министрлиги Украинанын Белгород шаарына кол салууну уюштурууга Англия менен Америка Кошмо Штаттарынын тиешеси бар деп ырастады.

Бул окуя боюнча иликтөө иштери башталганын Орусиянын Тергөө комитети да билдирди.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев Белгородго кол салуу украин армиясынын фронтто алсыз экенин көрсөттү деп билдирди.

Орусиянын адам укуктары боюнча жогорку комиссары Татьяна Москалькова эл аралык уюмдарды кол салууну айыптоого чакырды.

Белгороддогу кол салуу жана бул жыйынга Чехиянын БУУдагы өкүлүн да катыштырууга байланыштуу Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде чукул жыйын өткөрүүнү талап кылганы билдирилди.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков кечээ Telegram каналында жасаган билдирүүсүндө украин армиясынын Белгород шаарына чабуул жасаганын жана 61 имарат жабыркаганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө кол салуунун 2 кластерлик «Олха» ракетасы жана Чехияда жасалган «Вампир» ракетасы менен жасалганы, 2 бала болгон 14 кишинин каза болгону, 108 адам жарадар болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар