Конгодо жер көчкү жана сел: 40 адам каза болду
Аймакта издөө-куткаруу иштери уланып жатат.
2081593
Конго Демократиялык Республикасынын Түштүк-Киву облусундагы кечээки сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 40ка жетти.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Түштүк-Киву облусунун Букаву шаарына караштуу Калинги айылында акыркы 4 күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн сел жана жер көчкүдө 40 киши каза тапты.
Издөө-куткаруу иштери уланып жаткан аймакта каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда.