Бангладеште ВИЧ оорусуна чалдыккандардын саны аныкталды

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө болжол менен 39 миллион адам ВИЧке чалдыккан.

2081832
Бангладеште ВИЧ оорусуна чалдыккандардын саны аныкталды

Бангладеште 2023 - жылы "34 жыл ичинде ВИЧ (адамдын иммундук жетишсиздигинин синдрому-СПИД) оорусуна чалдыккандардын эң көп саны" аныкталды.

Бангладештин Саламаттыкты сактоо кызматынын башкы дирекциясы (DGHS)  отчетунда өлкөдөгү ВИЧ инфекциясы боюнча учурдагы маалыматтарды бөлүштү.

Отчетто 2023 - жылы аныкталган 1276 ВИЧ учурунун Бангладеште 1989 - жылдан бери көрүлгөн эң жогорку көрсөткүч экендиги белгиленди.

ВИЧке чалдыккандардын саны өсүп жатканы баса белгиленген отчетко караганда бул вирустан 2023 - жылы 266 адам каза болгон, 2022 - жылы 947 учур катталып, 232 адам каза болгон.

Отчетто 1989 - жылдан бери жалпысынан 10 миң 984 кишиде ВИЧ илдети аныкталып, анын кесепетинен 2 миң 86 кишинин каза болгонуна көңүл бурулду.

Бангладеште мамлекет ВИЧке чалдыккандарды акысыз дарылоо мүмкүнчүлүгүн берүүдө.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө болжол менен 39 миллион адам ВИЧке чалдыккан.



Тектеш кабарлар