Түркия Илимдер академиясы Палестина - Израиль согушу тууралуу отчет даярдады

«TÜBA Палестина-Израиль согушу отчету» коомчулук менен бөлүшүлдү.

2081003
Түркия  Илимдер академиясы Палестина  -  Израиль  согушу тууралуу отчет даярдады

Түркиянын Илимдер академиясы (TÜBA) Палестина - Израиль кагылышуусу болгон аймактагы согуш кылмыштарынын катталышы  үчүн отчет даярдады.

«TÜBA Палестина-Израиль согушу отчету» коомчулук менен бөлүшүлдү.

Отчетто келечектин дүйнөсүн бекем түрдө куруу үчүн иштеген академиктердин коомчулук жана эл аралык окуялардагы баа берүүлөрүнүн адамзат үчүн маанисине токтолуп, илимпоздорго жасала турган кол салуу, кысым жана мажбурлоо аракетинин эч качан кабыл алынбай тургандыгы баса белгиленди. 

Билдирүүдө көз караштарына орун берилген TÜBAнын төрагасы, профессор доктор Музаффер Шекер оккупацияланган мекендеринде жашоо үчүн күрөшүп жаткан Палестина калкына эл аралык деңгээлде  колдоо тууралуу билдирүү жасаган киши жана мекемелер кысымга, суракка алынган, демократиялык  эмес чөйрөлөргө күбө болгондорун билдирди. 

Отчетту  Израилдин геноцид кол салууларын карап турган өлкөлөрдүн башкаруучулары жана академиялык жамааттын алдына коюп, көрүнүштү объективдүү түрдө тарыхта калтыруу жана дагы бир жолу кайталанбашы үчүн түзүшкөндөрүн белгилеген Шекер барган сайын күчөп бара жаткан кырдаалдын аймак жана дүйнөлүк тынчтык үчүн коркунучтарды камтыгандыгы унутулбашы керектигин белгиледи. 

Шекер маселенин академиялык жактан изилденишинин адамзаттык милдет экенине көңүлдөрдү буруп, 21 -  кылымда дүйнөнүн көзү алдында болуп жаткан оккупация, сұргүн жана кыргындардын тарыхта уят көрүнүш катары каларын айтты. 

 



Тектеш кабарлар